Грузиянын Улуттук статистикалык башкармалыгынын алдын ала маалыматтары боюнча, өткөн жылы он ири экспорттук өнөктөш өлкөнүн үлүшү жалпы экспорттун 81,5 пайызын түзгөн.
Эң ири экспорттук өнөктөштөрдүн үчөөнүн арасында Кыргызстан 1 миллиард 287,4 миллион доллар менен биринчи, Казакстан 859,9 миллион доллар менен экинчи, Азербайжан 724,5 миллион доллар менен үчүнчү орунда.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2024-жылы он ири өлкөнүн — импорттук өнөктөштөрдүн үлүшү Грузиянын жалпы импортунун 69,9 пайызын түзгөн.
Алдыңкы үчтүктө 2 миллиард 770,1 миллион доллар менен Түркия, 2 миллиард 47,3 миллион доллар менен АКШ жана 1 миллиард 849,8 миллион доллар менен Орусия турат.
Кошумчалай кетсек, башкармалыктын маалыматы боюнча өткөн жылы товардык топтордун ичинен экспорттун алдыңкы ондугунда биринчи орунду 2 миллиард 426,8 миллион доллар көлөмүндөгү жеңил унаалар ээлеп, жалпы экспорттун 37 пайызын түзгөн.
«Грузстаттын» маалыматы боюнча, 2024-жылы импорттун эң ири товардык тобун жеңил унаалар да түзөт, алардын импортунун көлөмү 3 миллиард 464,5 миллион долларды түзгөн.