Бишкек тургундарын жана борбор калаанын конокторун музыкалык кечеге чакырат. Шаардык мэриянын маалыматы боюнча бүгүн, 5-майда саат 18:00дө Ала-Тоо аянтында өтөт.
Музыкалык кечени Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл топтору тартуулайт.
«Музыка баарыбызды керемет шаарыбыздын ачык асманынын астында бириктирсин. Бул кеч эргүүнүн булагы, үй-бүлө жана досторубуз менен убакыт өткөрүү, жандуу аткаруудан ырахат алуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болот деп ишенебиз», -деп айтылат маалыматта.

