19:09
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы Бишкекте кантип белгиленет?

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкекте бир катар иш-чаралар өткөрүлөрүн борбор калаанын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-майында саат 11: 00дө К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында «Кызыл гвоздика — муундардын эсинде» аттуу сынак-фестивалдын гала-концерти өтөт.

  • 6-майда саат 10:30да Ч. Түлөбердиев атындагы паркта «Эскерүү оту» аттуу эл аралык акция өткөрүлөт.
  • 7-майда саат 10:00дө Юбилейная көчөсү, 17 дарегиндеги «1941–1945» жана «Түбөлүк эскеребиз» эстеликтеринин жанында Жеңиш күнүнө арналган гүл коюу аземи болот.
  • 7-майында саат 10:00дө Төмөнкү Ала-Арчадагы монументтин жанында митинг-реквием өтөт.
  • 8-майда саат 11:00дө Жаш Гвардия көчөсү, 88 дарегинде (Маевкадагы маданият үйүнүн жанында) «1941–1945» эстелигинин алдында гүл коюу иш-чарасы өткөрүлөт.
  • 8-майда саат 10:00дө Д. Асанов атындагы аскер лицейинде митинг-реквием болот.
  • 9-майда саат 09:30да Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган негизги иш-чара өтөт.
  • 9-майда саат 11:00дө Ч. Түлөбердиев атындагы паркта «солдат боткосу» берилет.
  • 10-майда саат 14:00дө «Диалог» шаардык маданият үйүндө «Биз эстейбиз» аттуу Жеңиш күнүнө арналган майрамдык кече өтөт.
Эң көп окулган жаңылыктар