13:54
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Кыргызстандык спортчулар Парижде гимнастика боюнча турнирде 2-орунду ээлешти

Кыргызстандан барган «Diamond» командасы Парижде жыйынтыкталган AFCGE Cup II эстетикалык топтук гимнастика боюнча мелдеште экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу командадан кабарлашты.

Мелдеш Aesthetic Group Gymnastics World Cup & Challenge Cup II алкагында өттү. Жыйынтык таблицасына ылайык, Кыргызстандын «Diamond» командасы 8-10 жаштагылар категориясында катышты. Гимнаст кыздар 25,600 упай топтоп, экинчи орунду ээлешти.

Бул категорияда Кыргызстандан барган дагы бир «Everest» командасы катышып, 22,900 упай менен бешинчи орунду алды.

Эң көп окулган жаңылыктар