18:20
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

«Кум-Шагыл» компаниясындагы тышкы башкаруу дагы узартылды

«Кум-Шагыл» жабык акционердик коомундагы тышкы башкаруу мөөнөтү дагы узартылды. Тиешелүү чечимди Министрлер кабинети кабыл алып, «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомуна убактылуу тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө" 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.

Жаңы мөөнөт 2026-жылдын 24-апрелинен 24-июлуна чейин деп белгиленди.

Министрлер кабинети бул чечим адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түз коркунуч келтирген жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү талаптарды бузууларды жоюу максатында кабыл алынганын түшүндүрөт.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке убактылуу тышкы башкаруучунун талапкерлигин сунуштоо, ошондой эле «Кум-Шагыл» ЖАКка убактылуу тышкы башкаруунун киргизилгени тууралуу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кабарлоо тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар