Кыргызстанда саламаттыкты сактоо объектилерин куруу, капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги 24.kg басылмасына билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда республикалык бюджеттин жана башка каржылоо булактарынын эсебинен 32 ири объект курулууда.
Бул максаттарга 2026-жылы 12 миллиард сомдон ашык каражат каралган.
Бир катар долбоорлор буга чейин эле аяктаган же аяктоо алдында турат:
- Бишкек шаарындагы № 2 көп тармактуу клиникалык оорукананын жана № 1 шаардык клиникалык оорукананын жаңы корпустарынын курулушу аяктады, аларды май айында ачуу пландалууда;
- Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө институтунун капиталдык оңдоо иштери аяктап, 12-апрелден тарта операциялар жасала баштады;
- Жайдын ортосунда Улуттук кардиология жана терапия борборун (эки операциялык бөлмөнү жана 15 реанимациялык орунду кошо алганда) капиталдык оңдоо иштери аягына чыгат;
- Балыкчы шаарында оңдоо иштери жана ангиографиялык жабдууларды орнотуу аяктады;
- Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын хирургиялык корпусунун курулушу жүрүүдө;
- Талас жана Ош шаарларында перинаталдык борборлордун курулушу башталды.
- Кошумчалай кетсек, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин көчмө жыйындарынын алкагында саламаттыкты сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилип, алар боюнча иштер жүргүзүлүүдө:
- моргдун жана лабораториянын курулушунун долбоордук-сметалык документтери даярдалды;
- Чүй облустук бириктирилген ооруканасында аянты болжол менен 20,6 миң чарчы метрди түзгөн 6 кабаттуу медициналык борбордун долбоору иштелип жатат;
- Кыргыз Республикасынын адамдын репродукциясы борборунда 150–200 орундуу жаңы 6 кабаттуу корпус куруу сунушталды;
- Каракол шаарында өзгөчө коркунучтуу инфекциялар жана сот-медициналык экспертиза борборлору үчүн объектилерди куруу каралууда;
- Жети-Өгүз районунда медицина кызматкерлери үчүн жатаканасы бар 130 орундуу оорукана долбоору пландаштырылды;
- Талас облустук бириктирилген ооруканасында 300 орундуу жаңы корпустун долбоору даярдалууда.
Ошондой эле, КР Президенти Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар жаңы объектилерди (Араван, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Гүлчө, Ноокат) куруу боюнча тапшырмалар берилген. Алар учурда пландаштыруу жана иштеп чыгуу стадиясында турат (айрымдарын ишке ашыруу 2027-жылга пландалган).
Мындан тышкары, Нарын облустук ооруканасында жана Ош онкология борборунда жаңы объектилерди куруу мүмкүнчүлүгү боюнча эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде Ислам өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Министрликтин маалыматы боюнча, иштер бир нече багытта — учурдагы объектилерди аяктоодон баштап, жаңы долбоорлорду ишке киргизүүгө чейин комплекстүү түрдө жүргүзүлүүдө.

