Учурда эс алуу мезгили жүрүп жатат. Жаратылышта көбүнчө үй-бүлөлөр чогулуп эс алышат. Мындай учурда ата-энелер кичинекей балдарга да шишкебек берип жатканын көрүүгө болот. Бул туурабы же жокпу, ошондой эле кайсы шишкебекти жана кайсы курактан баштап балдарга берсе болору тууралуу aif.ru сайтына медицина илимдеринин кандидаты, педиатр, гастроэнтеролог жана Г. Н. Габричевский атындагы Москва эпидемиология жана микробиология илимий-изилдөө институтунун дарыгер-консультанты Юрий Копанев айтып берет:
— Өспүрүм куракка чейинки балдардын тамактануусунун жалпы эрежеси бар. Ага ылайык, балдарга анча куурулбаган, анча майлуу эмес жана анча ачуу эмес тамактарды берүүгө болот. Бул эреже түздөн-түз шишкебекке да тиешелүү. Шишкебек көбүнчө дал ушундай (куурулган, майлуу жана ачуу) болгондуктан, аны балдарга бербей койгон оң. Эгерде шишкебек жакшы эттен жасалса, анын майлуу жана ашыкча куурулган бөлүктөрүн кесип салып, 5 жаштан баштап балага 1-2 кесимден берсе болот. Мында ачуу соустарды колдонууга болбойт. Ошондой эле, начар бышкан шишкебекте кездешкендей, эттин ичи чийки болбошу керек. Бала үчүн эң ылайыктуу эт — тоок жана уй эти. 10 жаштан кийин балдардын тамак сиңирүү системасы толук калыптанган деп эсептелет жана бул курактагы балдарга чоңдордой эле тамактанууга уруксат берилет.

