«Талибан» кыймылынын Тышкы иштер министрлиги ооган аялдарынын академиялык документтерин тастыктоодон баш тартты. Кабулдун бир нече тургуну мекеменин босогосунда эле аларга «аялдардын документтерин тастыктоого тыюу салынганын түз айтышканын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Бул чечим иш жүзүндө көпчүлүк аялдардын чет өлкөдө окуусун улантуу же жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
Мындан тышкары, жогорку билим берүү системасында да ушундай эле чектөөлөр киргизилген. Жетекчилик чет элдик ЖОЖдор жана уюмдар үчүн академиялык маалыматтарды текшерүүнү токтотууну буйруду .
Университеттерге оозеки түрдө чет өлкөдөн келген студенттердин жетишкендиктери, дипломдору жана окуу статусуна тиешелүү суроо-талаптарга жооп бербөө тапшырылды. Ошентип, эл аралык ЖОЖдор жана билим берүү программалары менен болгон байланыш иш жүзүндө бөгөттөлүүдө.
Бул чараларды кеңири жарыялоодон качуу үчүн «тынч жана купуя» түрдө ишке ашыруу сунушталган.
Өлкө тургундары бул чечимди адилетсиз деп атап, ал чет өлкөдө билим алууга жана иштөөгө жолду тосуп жатканын белгилешүүдө. Буга чейин бийлик алтынчы класстан жогору кыздардын окуусуна тыюу салып, аялдардын, анын ичинде эл аралык уюмдардагы эмгек ишмердүүлүгүнө чектөө киргизген.
Дүйнөлүк коомчулуктун басымына карабастан, чектөө саясаты өзгөрүүсүз калууда. Лидер Хибатулла Ахундзаданын декреттери жана министрликтин «адептүүлүктү үгүттөө жана бузукулуктун алдын алуу» эрежелери жаңыдан тыюу салууларды киргизүү менен ооган аялдарынын жашоосун олуттуу түрдө татаалдаштырууда.

