Караколдо 9-майда Жеңиш күнүнө арналган эскерүү иш-чаралары өтөт.
Мэриядан билдиришкендей, саат 10:00дөн 10:30га чейин Абдрахманов жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде «Өлбөс полк» акциясынын катышуучулары чогулат.
Саат 10:30дан 11:00гө чейин колонна Абдрахманов көчөсү менен «Жеңиш» паркына чейин жүрүп өтөт.
Иш-чаранын негизги бөлүгү парктын ичинде өтөт:
- 11:00дөн 11:10го чейин — Өчпөс отко гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюу аземи;
- 11:10дөн 11:15ке чейин — каза болгондордун элесине куран окуу ;
- 11:15тен 11:17ге чейин — эскерүү митинги, бир мүнөттүк эскерүү жана аскердик салют.
Шаар туркундарын иш-чараларга катышып, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин эскерүүгө чакырышат.

