Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Сейшел Аралдары Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды.
Эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтулуп жатканына токтолуп, географиялык алыстыкка карабастан, кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи.
Тараптар ошондой эле инвестиция, туризм, финансы жана санариптик технологиялар жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Туризм тармагын өнүктүрүү жана санариптик трансформация боюнча тажрыйба алмашууга, ошондой эле «Тамчы» атайын каржылык инвестициялык аймагы жана «Учкун» ААК менен кызматташууну жолго коюуга өз ара кызыкдарлык белгиленди.
Министр Барри Фор Сейшел Аралдары Республикасынын Президенти Патрик Эрмини жолдогон саламын жеткирди.
Мындан тышкары, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү боюнча пикир алмашылды.
Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгү белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-сейшел кызматташуусун мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.
Жыйынтыгында, Мамлекет башчысы Сейшел аралдарынын Президенти Патрик Эрминиге салам жолдоп, аны ыңгайлуу убакытта Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

