17:06
USD 86.80
EUR 91.85
RUB 0.85

Акылбек Жапаров: «2024-жылы ИДПнын өсүшү 9,2 пайыз деп пландалууда»

Жогорку Кеңештин бүгүн, 14-ноябрдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылы ички дүң продукциянын өсүшү 9,2 пайызга жетиши пландалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы пандемия, Баткен окуясы, климаттык каатчылык ж.б. болгондо министрлер кабинети ИДПнын өсүшүн 7 пайызга жеткире алган. Кийинки үч жылда ИДПнын өсүшү 9 пайызды түздү.

Акылбек Жапаров белгилегендей, бул мамлекеттик органдардын эле эмес, чакан жана орто бизнестин, тейлөө тармагынын, өндүрүш кызматкерлеринин да эмгеги.

Эң көп окулган жаңылыктар