15:32
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Чемпиондор лигасы: Бүгүн «Бавария — ПСЖ» беттешет

Бүгүн, 6-майда, Германиянын «Бавария» клубу Чемпиондор Лигасынын 2025/26-сезондогу 1/2 финалынын жооптук беттешинде франциялык «ПСЖ» командасын кабыл алат.

Беттеш Мюнхен шаарындагы «Альянц Аренада» өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.

28-апрелде Парижде өткөн командалардын биринчи беттешинде француз клубу мюнхендиктерди 5:4 эсебинде жеңип алган. Бул беттеш Чемпиондор Лигасынын жарым финалындагы натыйжалуулук рекордун жаңылаган.

Эске салсак, Чемпиондор Лигасынын финалы 30-майда Будапештте өтөт. Турнирдин жеңүүчүсү кийинки сезондун Чемпиондор Лигасынын жалпы этабына жолдомо алат, ошондой эле 2026-жылкы УЕФАнын Суперкубогунун матчына катышууга укук алат.

Эң көп окулган жаңылыктар