13:18
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Ош шаарында үч кичи футбол талаасы пайдаланууга берилди

Ош шаарында үч кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Жаңы спорттук объектилер Сай-Бою көчөсүндө, № 27 КПССтин XXIV съезди атындагы орто мектептин жана Александр Пушкин атындагы № 21 мектеп-гимназиясынын аймагында жайгашкан. Бул тууралуу түштүк калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага катышкан мэр Жанарбек Акаев балдар жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, футболду массалык түрдө өнүктүрүү шаар жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Учурда Ош шаарында 17 жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Биз ар бир жаңы билим берүү мекемесинде заманбап футбол талаасынын болушун милдеттүү түрдө карайбыз», — деди ал.

Ошондой эле ал Сай-Боюу көчөсүндөгү спорттук комплекстердин абалы жакшырып жатканын белгилеп, келечекте бул аймактын толук кандуу спорттук шаарчага айланарын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар