Камбар-Ата-1 ГЭСи 6 миң гигаваттка жакын электр энергиясын өндүрөт. Бул тууралуу Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун баяндамасында айтылат.
Эксперттер Нарын дарыясындагы бул гидроэлектростанцияны куруу долбоору Кыргызстандын эң ири гидроэнергетикалык долбоору экенин белгилешет.
Адистердин божомолуна ылайык, ГЭС жылына 6 миң гигаваттка жакын электр энергиясын өндүрөт, бул өлкөнүн учурдагы энергия менен камсыздоосунун болжол менен 40 пайызына барабар.
Нарын дарыясындагы Камбар-Ата-2 ГЭСи, Токтогуль суу сактагычы жана башка гидрообъектилерди камтыган учурдагы каскаддан жогорураак агымда бийиктиги 261 метр болгон бетон плотинаны куруу пландалууда. Долбоордун баасы КР ИДПсынын болжол менен 30 пайызын түзөт.
«Кыргызстан жана Борбор Азиянын коңшу мамлекеттери кыш мезгилинде энергиянын кескин жетишсиздигин баштан кечирүүдө. Бул аларды кымбат баалуу отунду импорттоого аргасыз кылууда. Божомолдор боюнча, региондогу электр энергиясына болгон суроо-талап 2050-жылга карата жок дегенде эки эсеге көбөйөт. Долбоор ошондой эле суу чарбалык мааниге ээ: 2040-жылга карай регион суунун жетишсиздигинин өтө жогорку тобокелдигине туш болот. Кыш мезгилинде электр энергиясын өндүрүү сууну пайдаланууну жакшыртууга, суу ташкынынын тобокелдиктерин азайтууга жана иштеп жаткан гидроэнергетикалык каскадды коргоого мүмкүнчүлүк ачат», — деп айтылат отчетто.

