02:09
USD 86.80
EUR 91.71
RUB 0.87

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 79 миллион доллар берет

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 79 миллион доллар бөлөт. Каражат ипотекалык турак-жай курууга жумшалат. Макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында үчүнчү окууда кабыл алынды.

Негиздөө сертификатында Ислам өнүктүрүү банкы каражаты болжол менен 2 миң батирдин курулушуна жумшала турганы жазылган.

Долбоор каражат бөлүнгөн күндөн тартып беш жылдын ичинде ишке ашырылышы керек. Акча 25 жылга бөлүнөт. Төлөмдөрдүн жети жылдык кийинкиге жылдырылышы да каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар