14:36
USD 69.83
EUR 78.79
RUB 1.03

ЖЭБтеги кырсык. Кытайдын кызыкчылыгын колдогондор жана калпычылар

Жогорку Кеңеш үч күндөн бери Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого жумшалган каражат жана кышындагы кырсык боюнча депутаттык комиссиянын бүтүмүн талкуулоодо.

Жыйынга мурдакы премьер-министрлер жана башка жооптуу кишилер чакырылды.

ТВЕА менен сүйлөшүүнү жүргүзгөн киши аныктала элек

ЖЭБти модернизациялаган Кытайдын ТВЕА ишканасын ким Кыргызстанга чакырып, алгачкы сүйлөшүүлөрдү ким жүргүзгөндүгү белгисиз. Депутаттардын пикиринде, компания менен ал кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

«ТВЕА менен келишимше «Электрстанциялар» АКК кол коюп, алардын бүтүмү менен биз сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз» — дейт Осмонбек Артыкбаев.

2013-жылы 12 депутат ТВЕАнын чакыруусу менен Гонконгго барып келгени да белгилүү.

ТВЕА менен келишим түзүү алдында президенттин аппаратында эки ача ойлор болгондугу дагы белгилүү болду. Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков кытай ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, бирок баасын арзандатууга үндөсө, финансалык-экономикалык бөлүмдүн башчысы Нурсулуу Ахмедова ТВЕАнын ЖЭБти кайра оңдоодо тажрыйбасы жоктугун кабарлап, президентке кат жолдогон.

Ал арада мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун 5 жылда 46 жолу Кытайга учуп баргандыгы жана компания президент эмес аны менен сүйлөшүү жүргүзгөндүгү айтылды.

«Кытай элчилиги жана ТИМ 2009-жылы Бакиевдин ордуна Кытай менен Сапар Исаков сүйлөшүү жүргүзгөндүгүн айтышты. Бир аткаминер 15 жолу кытай тарап менен жолугушкандыгы айтылды. Ким экендигин сурасам Сапар Исаковдун аты аталды. Алар президентке эмес, Сапар Исаковго киришиптир» — дейт Каныбек Иманалиев.

Сапар Исаков бул айыптоолорду жокко чыгарат.

Парламентте мурдакы премьер-министрдин кытайларга «крыша» болуп жаткандыгы дагы айтылды.

Белгилей кетсек, Осмонбай Артыкбаев 2013-жылы энергетика министри кезинде жаңы ЖЭБ куруларын кабарлаган.

ЖЭБ боюнча жооптуу адамдардын катарына ТВЕА менен келишимди ратифакациялаган парламенттин ал кездеги спикери Асылбек Жээнбековдун, комитет төрагасы Кожобек Рыспаевдин дагы жоопкерчилигин кароо сунушталган.

«Жогорку Кеңеш келишимдеги бир да тамганы алмаштыра албайт. Ошонун баарын билип туруп «Ооба, биз кылдык эле. Ким күнөөлүү болсо жазасын тартсын» дегендин ордуна силер өзүңөр баш болуп күнөөлүүлөрдү башка жактан издегиңер келип жатат. Бул туура эмес. Комиссиянын жыйынтыгын колдоп, тергөө органдарына беришибиз керек. Алар өзүлөрү аныктайт. Кытай — биздин жакшынакай коңшубуз, жетекчилери керек болсо бизге жардам берет. Себеби биздин достугубуз шексиз. Шек келтирип жаткандар — Жогорку Кеңеш эмес, комиссия эмес, ошол келишимди даярдап, бизге алып келген адамдар», — деп билдирди Асылбек Жээнбеков.

Келишимдеги кемчиликтер

Келишимде акча Кыргызстанга бөлүнүп жатканы менен аны коротуу укугу каралган эмес. 380 миллион долларды ТВЕА кармап, каалагандай сарптаган.

«Насыя алып, бирок акча колго тийбегени кандай? Биздин аткаминерлер бир да тыйынды каалагандай корото алышбаптыр. Кычкачты ким 600 долларга сатып алды? Демек келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы каралган эмес» — деди депутат Айсулуу Мамашова.

Үстөк наркы менен Кыргызстан Кытайга 480 миллион доллар төлөшү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар