16:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЖЭБдеги авария. Шинжаң-Уйгур автоном району 100 миң доллар каржылык жардам берет

Шинжаң-Уйгур автоном районунун бийлиги Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин жоюу үчүн 100 миң доллар берет. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытайдын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен жолугушту. Ал белгилегендей, КЭР жана Кыргызстан боорукер коңшулар жана ишенимдүү өнөктөштөр болуп саналат.

«Бишкек ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун парткомунун катчысы Ма Синжуй министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кат жолдоп, парткомдун жана Шинжаң-Уйгур автоном районунун Элдик өкмөтүнүн атынан жабыркагандарга көңүл айтып, 100 миң долларлык гуманитардык жардам берди. Каражат жакын арада кыргыз тарап көрсөткөн эсепке КЭРдин Кыргызстандагы элчилиги тарабынан которулат», — деп белгиледи элчилик.

Министрдин орун басары кытай тарапка ыраазычылык билдирип, гуманитардык жардам Кыргызстан жана Кытай элдеринин ортосундагы терең достукту чагылдырарын белгиледи. Ал кыргыз тарап мындан ары да Шинжаң-Уйгур автоном району менен тыгыз байланышты жана эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрүү максатында ар кандай тармактарда достук кызматташууну колдоого даяр экенин билдирди.

2-февралда түнкүсүн Бишкек жылуулук электр борборунда авария болгон. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. 2-февралда кечке жуук Бишкекте жылуулук жана ысык суу берүү жарым-жартылай калыбына келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар