18:12
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

ЖЭБдеги авария. Келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы 69,6 миллион сомду түздү

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы 69 миллион 630 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, борбор калаадагы жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын иши аяктады. Бакыт Төрөбаев анын ишинин жыйынтыгы жөнүндө маалымат берди. Кырсыктын техникалык себеби аныкталды.

«1-февралда Бишкек ЖЭБинде 435 мегаватт кубаттуулукта 11 отказан агрегаты жана 7 турбоагрегат иштеген. Саат 22.57де станциянын нөөмөт башчысынын тапшырмасы менен № 18 отказан агрегаты борбордук диспетчердик кызмат менен макулдашылбастан токтотулган. 2-февралда саат 02.45те № 18 отказанды кайра иштетүүгө буйрук берилген. 2.58де отказанда басым кескин төмөндөп, ал жарылууга алып келген. 2.59да № 18 тегирменде жарылуу болгон. Авариядан кийин ЖЭБдин эски бөлүгү толугу менен иштебей калган, ысык суунун параметрлери төмөндөп, 70тен 30-40 градуска чейин жеткен», — деди Бакыт Төрөбаев.

Министрлер кабинетинин орун басары ошондой эле шаардын жылуулук менен камсыздоо системасы тоңуп калбашы үчүн бир катар кичи райондордо ысык суу өчүрүлгөнүн айтты.

«Техникалык жактан ошол эле күнү электр станциясынын негизги жана көмөкчү жабдууларында калыбына келтирүү иштери башталган, айрым иштер бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Азыр ЖЭБ белгиленген жүктү жана температуралык норманы көтөрүп, штаттык режимде иштеп жатат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча энергетика министрине сөгүш жарыялоо чечими кабыл алынып, анын орун басарына катуу сөгүш берилди, ал эми энергокомпаниянын жооптуу кызматкерлерине тартиптик чаралар колдонулду», — деп жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.

Эске салсак, 2-февралда Бишкек жылуулук борборунда авария болгон. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Борбор калаадагы мектеп жана бала бакчалар онлайн окутууга өткөрүлгөн. Бишкекте жылуулук жана ысык суу толугу менен 7-февралда бериле баштаган. 9-февралда республикалык штаб авариянын кесепеттерин жоюу иштери аяктаганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар