17:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЖЭБдеги авария. Мектеп жана бала бакчалар 7-февралда офлайн окууга өтүшөт

7-февралдан тарта бардык мектеп жана бала бакчалар кайрадан офлайн режиминде окуп баштайт. Бул тууралуу републикалык медиаштаб билдирди.

Белгилей кетсек, окуу жайлар ЖЭБдеги кырдаалга байланыштуу 2-февралдан баштап 6-февралга чейин (өзгөчө буйрукка чейин) Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин буйругунун негизинде онлайн-окутууга которулган.

Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин билим берүү уюмдары эгерде окуу жайларда бөлмө температурасы 18 градустан жогору болсо, онлайн режиминде окутууну жокко чыгаруу жөнүндө автономдуу чечим кабыл ала алышат деп билдирген.

2-февралда түнкүсүн Бишкек жылуулук электр борборунда авария болгон. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. 2-февралда кечке жуук Бишкекте жылуулук жана ысык суу берүү жарым-жартылай калыбына келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар