15:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлдү

Бишкек ЖЭБиндеги штаттык эмес кырдаалдын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Комиссиянын төрагасы болуп министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев дайындалды.

Комиссияга төмөнкүлөр тапшырылды:

  • жакынкы суткалардын ичинде Бишкек шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү жана камсыздоо боюнча кечиктирилгис чараларды координациялоону камсыз кылуу;
  • бир айлык мөөнөттө Бишкек ЖЭБинде штаттык эмес кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана аларды талдоонун негизинде 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилин туруктуу аяктоо боюнча кечиктирилгис милдеттемелерди тизмесин иштеп чыгуу;
  • келечекте ушундай кырдаалга жол бербөө боюнча чараларды сунуштоо, анын ичинде Бишкек шаарынын ЖЭБинин негизги жабдууларын реконструкциялоо жана калыбына келтирүү, аны толук модернизациялоо үчүн техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча сунуштарды жана локалдык жылуулук электр станцияларын жана от казандарды курууну эске алуу менен Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоо системасын борбордон ажыратуу боюнча сунуштарды киргизүү;
  • Бишкек шаарынын ЖЭБинде штаттан тышкаркы кырдаалдын келип чыгышына күнөөлүү адамдарга карата чараларды көрүү боюнча сунуштарды киргизүү.

Мындан тышкары мекемелер аралык комиссияга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, акционердик коомдордун жооптуу кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле анын иши үчүн зарыл болгон материалдарды суроого укук берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар