12:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЖЭБдеги авария. Жарылуунун кесепеттерин жоюуга 608 адам тартылды

Бүгүн Бишкек жылуулук электр борборундагы авариянын кесепеттерин жоюуга жалпы 608 адам, 31 техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖЭБдин имаратынын аймагын тазалоо жана жылуулоо иши улантылууда.

2-февралда түнкүсүн Бишкек жылуулук электр борборунда авария болгон. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. 2-февралда кечке жуук Бишкекте жылуулук жана ысык суу берүү жарым-жартылай калыбына келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар