12:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун төрт варианты бар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигинде Бишкек жылуулук электр борборун реконструкциялоо жана модернизациялоо маселелерин талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаадагы ЖЭБди модернизациялоонун төрт вариантынын презентациясы сунушталды.

ЖЭБдин энергоблокторунун учурдагы абалы физикалык эскирүү менен мүнөздөлүп, заманбап техникалык чечимдерди талап кылаары айтылды. Презентацияны талкуулап жатып, Акылбек Жапаров ЖЭБди модернизациялоодо атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусун азайтууга багытталган долбоорлорго көңүл буруу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, ал Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо тутумун децентрализациялоону эске алуу менен жергиликтүү ЖЭБдерди жана отканаларды курууну эске алуу зарылчылыгын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы ар бир жеке долбоор боюнча экономикалык эсептөөлөрдү көрсөтүүнү тапшырып, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

2-февралда түнкүсүн Бишкек жылуулук электр борборунда авария болгон. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. 2-февралда кечке жуук Бишкекте жылуулук жана ысык суу берүү жарым-жартылай калыбына келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар