17:10
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигинде кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Саламаттыкты сактоо министрлигинде саламаттык сактоо тутумунун актуалдуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишине жана калкты дары-дармек менен камсыздоого байланыштуу маселелер, ошондой эле тармактын кадрдык потенциалын чыңдоо боюнча чаралар каралды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. Адылбек Касымалиев кеңешме өткөрдү

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар