Кыргызстандын сел жүргөн райондорунда санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында катуу жаан-чачынга байланыштуу медициналык жана санитардык иштер күчөтүлдү.
Аймактарда:
- үйлөрдү кыдырып текшерүү уюштурулду;
- мобилдик медициналык топтор иштеп жатат;
- суунун сапатына көзөмөл жүргүзүлүүдө;
- жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери жүрүүдө;
- жарандык коргонуу органдары жана жергиликтүү бийлик менен өз ара аракеттенүү жолго коюлду.
Баткен областында кооптуу аймактардан 35 үй-бүлө эвакуацияланды. Эвакуацияланган жарандар медициналык коштоого алынып, алардын саламаттык абалы көзөмөлдөнүүдө. Медициналык жардам алууга 37 адам кайрылып, алардын бардыгына зарыл жардам көрсөтүлдү, оор учурлар катталган жок.

