18:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ЖЭБ боюнча Башкы прокуратура төрт кылмыш ишин козгоду

Бишкек жылуулук электр борбору боюнча Башкы прокуратура төрт кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, парламенттин жыйынында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда иш УКМКда тергелип жатат.

«УКМКнын Тергөө башкармалыгында атайын топ иш алып барууда. Кылмыш иши кылмыш- процессуалдык мыйзамдын негизинде каралып, адилеттүүлүк, ар тараптуулук сакталат. ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын иши дагы тергөө материалдарына тиркелет», — деди ал.

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ УКМКга чакырылып күбө катары бир нече жолу сурак берди.

Эң көп окулган жаңылыктар