00:38
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сапар Исаков 5 жылда 46 жолу Кытайга учуп барган

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 5 жылда 46 жолу Кытайга учуп барган. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова билдирди.

Эскерте кетсек, парламент ЖЭБде түзүлгөн авариялык абалга байланыштуу депутаттык комиссиянын корутундусун кароону улантууда.

Депутат мурдагы өкмөт башчыдан анын жогорудагы айтылган сапарлары тууралуу маалымат берүүсүн суранды.

Сапар Исаков маалымат чындыкка жатпай турганын айтты.

«Бишкек жылуулук электр борборунун маселеси боюнча бир дагы жолу Кытайга барган жокмун», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар