18:18
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Бүгүн Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Бүгүн, 4-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жер силкинүү бүгүн саат 13:27де катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргыз-тажик чек арасында — Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка карай 12 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 130 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 2 баллды түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар