11:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЖЭБдеги авария. Теракт жана диверсия версиялары жокко чыгарылды

Бишкек шаарынын жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссия мүчөлөрү ЖЭБдин аймагын кыдырып чыгып, жабыркаган имараттарды көрүштү.

«Авариядан бери 8 миң чарчы метр чатыр калыбына келтирилип, 2 миң тонна курулуш жана тиричилик таштандылары чыгарылды. 600 чарчы метр аянттагы конструкцияларды бекемдөө боюнча реставрациялык ширетүү иштери аяктады», — деп жазылган маалыматта.

 Учурда ЖЭБдеги авариянын себептери каралууда. Алдын ала маалыматтар боюнча диверсия жана терактка байланыштуу деген божомолдор алынып салынды.

Ошондой эле учурда келтирилген чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат. Мэрия «Бишкекжылуулук» ишканасы менен биргеликте жылуулукту жана ысык сууну өчүрүү мезгилине карата керектөөлөрдү кайра эсептөө иштерин жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар