08:52
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Дордой» базарынан 7 миллион сомго кошумча салыктык киреше булагы табылды

«Дордой» базарынан 7 миллион сомго кошумча салыктык киреше булагы табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин отурумунда Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков билдирди.

Анын айтымында, айрым ишкерлер базарда патенти жок иштешет.

«Андан сырткары дагы бир салыктык булак бар. Көпчүлүк соода орундарында эки кабат контейнер коюлган. Сатуучулар бирөөсү үчүн гана мүлккө салык төлөйт. Экинчи кабатынан дагы салык топтойлу деп жатабыз», — деди аким.

Эң көп окулган жаңылыктар