08:11
USD 86.50
EUR 93.21
RUB 1.03

Кыргызстан гидроэнергетика, транзит жана санариптештирүү максатын көздөйт

Дубайда өткөн Дүйнөлүк Өкмөт Саммитинин алкагында «Өнүгүп келе жаткан глобалдык таасир» форуму болуп, анда министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев сөз сүйлөдү. Ал өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгилеп, гидроэнергетика, транзиттик мүмкүнчүлүктөр жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүү маселелерине токтолду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, кылымдар бою бийликтин негизин жер, жаратылыш ресурстары, аскердин көлөмү жана экономикалык күч түзүп келген.

Учурдагы таасирдин лидерлери — ири аймактарга жана ресурстарга ээлик кылгандар эмес, эл аралык стандарттарды түзүп, санариптик платформалар менен башкарып, дүйнөлүк тенденцияларды орноткондор болууда.

Буга бир нече мисал келтиргим келет:

• Сингапур өзүнүн кичинекей аймагына карабастан, Азиянын каржылык жана логистикалык борборуна айланып, эл аралык компанияларды өзүнө тартып, дүйнөлүк бизнес үчүн шарттарды түзүүдө.

• Эстония дүйнөдө биринчи болуп санариптик мамлекет концепциясын ишке ашырды, бул ага технологиялык артыкчылык берип, эл аралык кызматташтыкты чыңдады.

• Дубай адамдарды, товарларды, каржыны жана идеяларды бириктирген экономикалык системаны куруп, ири өлкөлөрдүн экономикасы гана түзө ала турган таасирдүү эл аралык борборго айланды.

Бүгүн, глобалдык таасир чек ара жана ресурстар менен аныкталбай калган кезде, биз бийликтин табиятын кайра карап чыгышыбыз керек.

Бул кантип байкалат?

• Google жана Open AI эмгек рыногун, билим берүү жана бизнести өзгөрткөн жасалма интеллектти жаратууда.

• Amazon, Microsoft, Apple миллиондогон компаниялар жана колдонуучулар көз каранды болгон санариптик экономиканын инфраструктурасын калыптандырат.

• TikTok жана Netflix дүйнө жүзү боюнча коомдук пикирге таасир этип, маалымат тенденцияларын жана маданий артыкчылыктарды аныктоодо.

Бул жаңы тартиптин катарына кире алгандар олуттуу стратегиялык артыкчылыкка ээ болушат.

Глобалдык экосистемага ийкемдүү түрдө интеграцияланган, атаандаштыкка жөндөмдүү улуттук платформаларды түзүп, эл аралык альянстарды түзө алган мамлекеттер стратегиялык артыкчылыкка ээ болот.

Экономикалык таасир бүгүн сооданын жана өнөр жай кубаттуулугунун салттуу моделдеринин чегинен чыгууда. Дүйнө, санариптик транзакцияларга, глобалдык каржы платформаларына жана тармактык бизнес экосистемаларына карай жылып жатат.

Бул мамлекеттердин ийкемдүү болушун жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы моделдерин түзө алышын талап кылат.

Экономиканын таасири кандай өзгөрүүдө?

• Санариптик төлөм платформаларынын жана альтернативдүү каржы системаларынын өнүгүшү эл аралык транзакцияларды өзгөртүүдө.

•Жаңы экономикалык союздардын түзүлүшү өлкөлөр менен региондордун өз ара көз карандылыгын жогорулатат.

• Компаниялар технологияны, логистиканы жана каржыны айкалыштырган глобалдык бизнес экосистемаларын түзүп жатышат.

Ошентип, мамлекеттер принципиалдуу жаңы реалдуулукка туш болушууда.

Алардын ролу ресурстарды жана аймакты башкаруу менен гана чектелбейт.

Эми алардын таасири глобалдык өзгөрүүлөргө ыңгайлашып, өз жарандары үчүн актуалдуу жана пайдалуу бойдон калуу, глобалдык процесстерге интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү жөндөмдүүлүгүнө жараша болот.

Өкмөттөр, азыркы доор, бул маанилердин, технологиялардын жана түйүндөрдүн атаандаштык доору экенин аңдап билгенде, жөн гана турбастан, лидерлерге айлана алышат.

Баалуу адамдык капиталга, динамикалуу жаштарга жана демилгелерин жигердүү өнүктүрүүгө дарамети бар болгон өлкө — Кыргыз Республикасы сыяктуу кичинекей мамлекеттер да бул дүйнөлүк тенденцияларды өз позицияларын бекемдөө үчүн пайдалана алышат.

Кыргызстан өз өнүгүү жолунда Борбор Азия чөлкөмүнүн чок ортосунда жайгашкан деңизге чыга албаган өлкө катары, гидроэнергетикалык потенциалды жогорулатууга, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүүгө басым жасоодо.

Анткени, Кыргызстан региондогу «суу башындагы өлкө» болуп саналат, анын географиялык жайгашуусу суу күн тартибин түзгөнгө шарт түзөт. Жалпы ГЭС аркылуу энергия өндүрүүнүн потенциалы жылына 140 миллиард кВттан ашык.

Суу ресурстары өлкөнүн керектөөлөрүн канааттандырат жана ошондой эле агымдын ылдый жагында жайгашкан Борбор Азия өлкөлөрүнүн кеңири аймактары үчүн негизги суу булагы болуп саналат.

Жыл сайын 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүүнү камсыз кыла ала турган Кыргызстандын Камбар-Ата ГЭС-1 улуттук долбоорун куруу негизги артыкчылык болуп саналат.

Бул ички муктаждыкты чечүүгө гана эмес, ашыкча таза энергияны чөлкөмдөгү өлкөлөргө экспорттоого мүмкүндүк берет.

Экинчи мега-долбоор Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу. Бул долбоордун практикалык ишке ашуусу, өткөн жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын президенти, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун катышуусунда башталган.

Белгилей кетсек, бул долбоор жөн эле транспорт коридору эмес, Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн бириктире турган маанилүү стратегиялык көпүрө.Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга, андан ары Европа биримдигине товарларды жеткирүүнү камсыздайт.

Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдап, транспорттук каттамдарды диверсификациялоого жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн максаттарына шайкеш келген эл аралык транспорттук-транзиттик борбор катары, аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Мен айткан үчүнчү багыт — санариптик трансформация, анын негизги максаты — бюрократияны жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгымдарын азайтуу аркылуу жарандарыбыздын жана ишкерлерибиздин жашоосун жеңилдетүү.

Бүгүн биз санариптик трансформация, жасалма интеллект жана маалыматтарды жөн гана курал эмес, маалыматтык жана стратегиялык ойлонулган чечимдерди

кабыл алуу үчүн негиз болуп жаткан мамлекеттик башкаруунун жаңы доорунун босогосунда турабыз. Жасалма интеллект өкмөттөргө башкарууну жакшыртуу үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө чечимдер миллиарддаган маалыматтардын объективдүү анализинин негизинде кабыл алынууда. Эгерде биз фискалдык реформалардын, энергетикалык тарифтердин өзгөрүшүнүн же инвестициялык программалардын ишке киришинин таасирин алдын ала баалай алсак, бул бизге тобокелдиктерди минималдаштырууга, экономиканын туруктуулугун жогорулатууга жана чыныгы тең салмактуу, натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Биз эл аралык өнөктөштөрүбүздүн тажрыйбасын жана билимин өздөштүрүүгө даярбыз.

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк таасир мамлекеттерге гана эмес, бардыгы үчүн жеткиликтүү болуп барууда.

Компаниялар, стартаптар жана атүгүл жеке адамдар инновациялык чечимдерди сунуштоо, алдыңкы технологияларды иштеп чыгуу жана жаңы маңыздарды түзүү аркылуу дүйнөлүк аренада атын чыгара алышат. Бүгүнкү күндө глобалдык таасир саясат жана экономика гана эмес, тескерисинче идеяларды калыптандыруудагы, ой-пикир жана баалуулуктарды жаратууга жөндөм болуп саналат.

Жаңы пайда болуп жаткан глобалдык таасир мындан ары чоң державаларга, күчтүү альянстарга, корпорацияларга же компанияларга гана таандык эмес. Реалдуулукту өзгөртүүчү идеяны сунуш кыла алган ар бир инсан үчүн жеткиликтүү болуп калды.

Мына ушундан улам, 21-кылым маңыздардын, технологиялардын жана идеялардын атандашуу заманы."

Эң көп окулган жаңылыктар