Садыр Жапаров кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишүүгө багытталган Эмгек кодексине кол койду. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.
Кодекстин концепциясы менен төмөнкүлөр каралат:
— эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин шарттарынын тартибин жөнөкөйлөштүрүү (эмгек келишимин, эмгек ченемдерин камтыган локалдык ченемдик укуктук актыларды электрондук түрдө түзүү; электрондук эмгек китепчесин жүргүзүү);
— Кыргыз Республикасында мамлекеттик майрамдардын жана жумуш күн деп эсептелбеген майрамдардын санын кыскартуу;
— жаңы жылдык жана май айындагы каникулдарды белгилөө;
— дем алыш күндөрүн которуу ченемин жокко чыгаруу;
— ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча атайын иш-чараларды белгилөө;
— кызматкер жумушта жаракат алган же каза болгон учурда бир жолку берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу бирдей өлчөмдөгү бир жолку компенсация төлөө;
— иш берүүчү тарабынан эмгек акыны, өргүү акысын төлөөнүн, иштен бошотууда эсептөөнүн жана башка төлөмдөрдүн мөөнөтүн бузган учурда 0,25 % өлчөмүндөгү айыптык ставканын бирдиктүү пайызын белгилөө;
— эмгек акыны өндүрүү боюнча талаш-тартыштардын эскирүү мөөнөтүн белгилөө — 3 жыл;
— мөөнөтү өтүп кеткен карызды төлөөдө пайыздык чендердин чектөөлөрүн алып салуу;
— тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишиминде аралыктан иштөө менен бирге комбинацияланган аралыктан иштөө да белгилениши мүмкүн деген ченемди киргизүү;
— кош бойлуу аялдардын, бала эмизген аялдардын оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда иштөөсүнө тыюу салган чараларды белгилөө;
— кесиптик стандарттардын негизинде аткарылган иштин санына, сапатына жана татаалдыгына жараша аныкталуучу сый акы;
— Эмгек кодексинен кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн өкүлчүлүгүнүн маселелерин жөнгө салуучу 7 беренени «Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына которуу.