Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» КР мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 5-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык Кыргызстандын 9 айылдын аталышы өзгөртүлдү:
- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды,
- Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагынын Параканда айылын Баракелде,
- Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылын Баялы Исакеев,
- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылын Шадыкан,
- Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылын Айтматов,
- Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз Олуя,
- Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылын Жаныбек Баатыр,
- Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылын Сыйдалы,
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы деп кайра атоо максатында кабыл алынган.