Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кемин районундагы күн электр станциясынын курулуш аянтына капсула салуу аземине катышты.
Адылбек Касымалиев күн электр станциясынын курулушу Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгына жана туруктуу өнүгүүсүнө жасалган маанилүү кадам экенин белгиледи.
Ал белгилегендей, өлкө совет доорунан калган ГЭСтерди пайдаланууну улантууда, бирок ошол эле учурда заманбап, экологиялык жактан таза энергия булактарын киргизүүгө умтулууда.
«Өлкөбүздүн калкынын саны 7 миллиондон ашты, жаңы ири ишканалар ишке киргизилип, электр энергиясына болгон муктаждык геометриялык жактан өсүүдө. Ошондуктан күн нурун пайдалануу менен таза энергия дүйнөсүнө жол ачып, бул күн электр станциясын курууну баштайбыз. Бул иш-чара биздин планетанын алдындагы жоопкерчилигибизди, жаратылышты сактоо жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын тастыктайт», — деп белгиледи минкаб төрагасы.
Белгилей кетсек, кубаттуулугу 100 МВт болгон күн электр станциясы жылына 155 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуу менен көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну 140 миң тоннага жана көмүргө болгон керектөөнү 50 миң тоннага азайтат, ал эми бул күн электр станциясын курууда 500гө жакын жумушчу орун түзүүгө мүмкүндүк берет.