Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Бишкек шаарында 135 миң кожолук газ менен камсыз болгондугун, дагы 52 миң үй-бүлөгө газ кошулганын билдирди.
ААнын айтымында, дагы газ 85 миң үй-бүлө газ түтүктөрүнө туташтырылбай турат.
Депутат Дастан Бекешев шаар тургундары үйлөрүнө газ киргизүү үчүн жеке компаниялардын кызматына кайрылууга аргасыз болуп жатканын жана бул кымбат экенин белгиледи.
Ал жарандар бул максаттарга үстөксүз насыя ала баштамайын газдаштыруу тездебейт деп эсептейт.