17:01
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

Жогорку Кеңештин депутаттары планшет сатып берүүнү суранышты

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев жыйынга чейин ага берилген үйүлгөн кагаздарды көрсөттү.

"Менимче, бул кагаз 1 миң сомго жакын турат. Ал эми бул бир гана депутатка берилет. "Балким, анын ордуна планшеттер менен камсыз кылышар? — деди парламентарий.

Депутат Марлен Маматалиев кесиптешин колдоп, Айыл чарба министрлигинин долбоорунун алкагында Агрардык саясат, суу ресурстары жана аймактык өнүгүү комитетинин депутаттарына планшеттер сатылып алынганын билдирди.

Комитеттин жетекчиси Данияр Төлөнов 2025-жылдын бюджетинде Жогорку Кеңештин залдарын оңдоп-түзөөгө жана депутаттарга жакшы шарттарды түзүүгө акча бөлүнгөнүн, ал каражатка планшет сатып алса болорун айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар