14:05
USD 86.80
EUR 91.71
RUB 0.87

Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерге шайлоону көз жаздымда калтырбоого чакырды

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жергиликтүү кеңештерге шайлоону көз жаздымда калтырбоого чакырып, шайлоо ачык-айкын өтөрүнө ишендирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, азыр шайлоолор мурункудай эмес, «карусель» аркылуу бюллетендерди таңгактап урнага таштаган учурлар жок жана бардык процесстер автоматташтырылган.

Бишкекте же облустардын борборунда туруп ар кыл айылдардагы өздөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлай алышат.

«Бир шайлоо тилкесинен бир добуш берип, анан кайра башкасына бара коюп добуш берем деген «карусель фокустар» өтпөйт.Санарип системасы тигил же бул жаран кайсыл шайлоо тилкесинен добуш бергенин дароо көрсөтүп коёт.

Садыр Жапаровв

 Өлкө боюнча баардык шайлоо тилкелеринде видеобайкоо камералары коюлган.

Алар БШКнын башкы имаратынан түздөн-түз көрүнүп турат.Кыскасы, добуштар уурдалат, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат дегенге кыпындай да негиз жок.

Мунун баары эмнеге жасалып жатат?

Элибиздин эң башкы конституциялык укугун ишке ашыруусун камсыз кылуу үчүн жасалып жатат.Шайлоолордун чоң, кичинеси болбойт.Жергиликтүү эле кеңештердики деп жээрибеңиздер», — деди өлкө башчысы.

Ошондой эле Садыр Жапаров 17-ноябрда шайланып келген депутаттар жер-жерлерден Элдик Курултайдын делегаттарын шайлашарын, андыктан Элдик Курултайдын курамдык сапаты жарандардын шайлай турган депутаттарынан көз каранды болорун кошумчалады.

«Курултайда кайсыл гана маселе болбосун көтөрүп чыга алышат.«Сөз эркиндиги жок, бизге кысым болууда» деген айрым «журналист сымалдар, блогер сымалдар» бар.

Ошолорго айтаарым: өзүңүздөрдүн аймактан, шаарлардан, айылдардан Курултайга делегат болуп шайланып келиңиздер. Өзүңөрдүн эл алдындагы аброюңарды көрсөтүп, бийликке карата каалаган суроолоруңарды бериңиздер.

Биз силерден кача турган суроо жана маселе жок.

«Дүжүр Курултай болду же дүжүрлөр шайланып келишти» деген сөздөрдү кайталабаш үчүн бийликке нааразы болгон «блогерлер, журналисттер, активисттер, акылдуу сымалдар», Элдик Курултайга шайланып келип, болгон суроолоруңарды узатып, ой-пикирлериңерди, дооматтарыңарды түз эфирде ачык айтыңыздар.

Садыр Жапаров

 Курултайдын делегаттарын шайлоого бийлик, мамлекеттик түзүмдөр кийлигишпейт.

Элдик Курултай бул бийлик менен элдин ортосундагы диалог.Мындан артык дагы кандай диалог керек силерге?Өткөн Курултайларда айтылган көйгөйлөрдү чечип келе жатабыз. Ошол эле мектеп, бала бакча, турак жай маселелери айтылган. Бул багытта кандай иштер аткарылганын жана аткарылып жатканын билесиздер.

Бул айылда, тигил шаарда жол начар, ал жок, бул тартыш дегендердин баардыгына көңүл буруп, аткарып келе жатабыз.

Дагы бир жолу кайталайм, Курултайда делегаттар каалаган маселесин көтөрө алат.

Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет.Каалаган сөзүңдү ачык айта бер. Элдин баары эле айтып атат. Эч кимге тыюу жок. (Азаттык, Кактус, Политклиника, Клооп сыяктууларга тиешелүү)

Болгону жалган айтпа, бирөөгө курулай жалаа жаппа, жеке абройуна шек келтирбе. Элди козуткан жалган маалыматтарды таратпа.Европа жана Америка өлкөлөрүнөн «качкын» макамын алыш үчүн өз өлкөңдү, өз элиңди жамандаба», — деди президент.

Мындан тышкары мамлекет башчысы кыргызстандыктарды 17-ноябрдагы шайлоолорго активдүү катышууга, андан кийин Элдик Курултайдын делегаты болуп келип, элди түйшөлткөн, элге пайда бере турган маселелерди көтөрүүгө чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар