04:44
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мектепке кантип туура даярдык көрүү керек? Кеңеш

1-сентябрь- ар бир окуучу үчүн эң маанилүү күн. Айрыкча биринчи жолу мектеп босогосун аттай турган жеткинчектер бул күнү толкунданып, тынчсызданышат. Айрымдары жаңы чөйрөгө тез көнүп, өзү теңдүү балдар менен тез тил таап кетишсе, кээ бири өздөрдүн ыңгайсыз сезип, тегеректегилерден коруна башташат.

24.kg агенттиги мектепке кантип туура даярдык көрүү тууралуу кеңеш даярдады.

Бала мектепке барат дегенде алгач ата-энелер ага арипти жазганды, муундап окуганды, таякчалар менен санаганды үйрөтүшөт. Бирок, адистердин айтымында, баланы өз алдынчалыкка үйрөтүү (мисалы, өзүнө тың болуу, окуу куралдарын жоготпой ирээттеп салуу жана башка)- мектепке болгон даярдыктын алгачкы кадамы. Эгерде ата-эне муну үйрөтпөсө, анда биринчи класстын баласы мектеп программасын гана окубастан, өз алдынча болууну үйрөнүүгө мажбур болот.

Балага таякча тартканды эмес, мозаика чогултканды үйрөтүңүз.

Мектеп окуучусуна көп нерсе үйрөтүү керектигин баары жакшы түшүнөт. Мындан улам даярдыкты эрте жаштан башташат. Бирок, ата-энелерде бала мектепке чейин эмнени билиши керек деген даана түшүнүк жок. Балдарды тамгаларды жана сөздөрдү окууга мажбурлашат, узун ырларды жаттатып, татаал эсептерди чыгартышат.

«Эгерде балаңыз сөздөрдүн жана сандардын маанисин билбесе, анын механикалык түрдө эске тутуп калуусу ошончолук эле зарылбы?» деген суроо туулат. Биринчи класска даярдык көрүүнүн маңызы мында эмес.

Жаш физиология боюнча адистердин айтымында, мектепке болгон даярдыктын белгиси- бул инструкцияны кабыл алууну билүү. Балдар өтүнүчтү угушпайт, бирок албетте ар бир сөздү өз алдынча түшүнүшөт. Ал эми тапшырманын өзүн толугу менен угуу алар үчүн оор. Баланы бир нерсе кыл деп сураныңыз, ал андан эмне каалап жатканыңызды билбейт. Балким, сүйлөмдүн акыркы бөлүгүн гана аткарышы ыктымал.

Балага мектеп тапшырмасын жакшы аткарыш үчүн, ишти пландоону үйрөтүү керек. Таякчаларды тартканды убакыттын өтүшү менен деле үйрөнүп алат, бул жашоодо башкы нерсе ал эмес.

Өз алдынча чечим кабыл ала алабы, жыйынтыкка жетүү үчүн алга умтулабы, билимин бир системага сала алабы, ушул маанилүү.

Таякчанын ордуна пазл чогултууну сунуштаңыз, ал аны кантип чогултуп жатканына көңүл буруңуз. Балким алгач картинанын өзүн карап чыгат, андан кийин өңүнө жараша же башкы каарман боюнча чогулта баштайт. Эгер пазлды өз алдынча чогулта алса, анда сиздин 6 жашар балаңыз өз ишмердүүлүгүн пландаганды билет, жыйынтыгын алуу үчүн мотивациясы бар. Мына ушул мектепке даярдык деп аталат. Эгер бала тынчсызданып, кежирленсе, башка оюнчуктарга кызыгып жатса, анда балага ишти аткарууга жардам бериңиз. Алгач баланы кызыктыруу керек.

Балаңыз кыйналып жатса жардам сураганды үйрөтүңүз.

Окууда башкысы түшүнүү эмес, техника маанилүү.

Механикалык түрдө тамгаларды, ал тургай сөздөрдү жаттоо- баланы окууга үйрөтпөйт. Ал сөздүн маанисин түшүнүшү керек. Окуу- ал үчүн ички керектөөчү катары болбош керек. Көп учурда бала аны мажбурлаган үчүн гана окуйт. Бала өзү каалап окушу керек.

Ачык түстөгү сүрөттөрү бар, тексти аз болгон китепти алыңыз. Аны баштан аяк барактап чыгыңыз. Бала китепке көнүшү керек. Андан кийин гана текстти окуп баштаңыз. Китепке байланыштуу оюн, табышмак ойлоп табыңыз, баланы кызыктырыңыз.

Балага санаганды үйрөтүңүз. Ал 100гө чейин санаганды билип, бирок 3 чымчыкты санай албаса -бул жаман көрүнүш. Сейилдөөгө чыкканда тепкичтерди, бадалдарды, таштарды санаганды үйрөтүңүз.

Баланын мультфильмдин же жомоктун сюжетин эстеп айтып берүүсү абдан маанилүү. Аны менен сүйлөшүңүз. Бала суроого жооп бергенди, жыйынтык чыгарганды, өз оюн айтканды үйрөнсүн.

Баланы гана эмес өзүңүздү да мектептке даярдаңыз. Ата-энелер дагы мектепке даярдык көрүшү керек. Баланы коруй бербеш керек, анткени ал эми кичинекей эмес, ал окуучу. Мектепте сиз аны дайым коштоп жүрбөйсүз, андыктан баланы үйдө жалгыз калганга үйрөтүңүз.

Күнүнө 2-3 саат бирге сабак окуңуз.

Эң көп окулган жаңылыктар