10:12
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Бүгүн Владимир Зеленский жарыялаган «тынчтык режими» күчүнө кирди

Мындай кадам Орусиянын Жеңиш күнүнө карата 8-9-майга жарыялаган ок атышууну токтотуу режиминин алдында болду. 

Украинанын президенти Владимир Зеленский жарыялаган «тынчтык режими» бүгүн, 6-май күнү Киев убактысы боюнча саат 00:00дө күчүнө кирди.

Украинанын президенти Жеңиш күнүнө карата Орусиянын 8-9-майга жарыялаган ок атышууну токтотуу билдирүүсүнө жооп катары 5-майдан 6-майга караган түнү ок атышпоо режимин киргизгенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы өзүнүн Telegram-каналында жазган.

«Биз адам өмүрү кандайдыр бир мааракени майрамдоодон алда канча баалуу деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу биз 5-майдан 6-майга караган түнү саат 00:00дөн баштап тынчтык режимин жарыялайбыз», — деп белгиледи ал.

Анын айтымында, Киев согуштук аракеттерди токтотуунун шарттары боюнча эч кандай расмий кайрылуу алган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар