11:22
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Кантта мыкаачылык менен киши сабаган шектүү кармалды

1-майда Кант шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна 1991-жылы туулган П.Н. аттуу катуу сабалган жаран жеткирилген. Дарыгерлер «сол сан сөөгүнүн ортоңку бөлүгүнүн жылышуу менен сынган жабык сыныгы» деген диагноз коюп, бул тууралуу милицияга кабарлашкан. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Чүй ОИИБ
Фото Чүй ОИИБ . Кантта мыкаачылык менен кишини сабаган шектүү кармалды
Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучу аны сабаган кишиге карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор зыян келтирүү») менен кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерлери шектүүнү таап, кармашты. Ал 1998-жылы туулган Н.М. болуп чыкты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар