00:16
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бишкектиктер Ботаникалык бактын бүлүнбөй сакталышын каалашат

Бишкек шаарынын тургундарынын көпчүлүгү Ботаникалык бактын бүлүнүп, башка максатта колдонулушуна каршы. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында кооптуу таштандылар боюнча адис Индира Жакыпова билдирди.

Ал коомчулуктун жардамы жана демилгеси менен бак кайра жанданганын белгиледи.

«Үч жыл мурда коомчулук биригип, бакты кайра жандантып баштадык. КМШ аймагында биринчи жолу жарандык активисттердин көмөгү менен илимий мекеме ишке кирип олтурат», — деди Индира Жакыпова.

Эскерте кетсек, Ботаникалык бактын аймагына лаборатория куруу сунушу көтөрүлүп жатат. Бул сунуш мындан бир нече жыл мурда дагы кызуу талкуу жараткан.

Эң көп окулган жаңылыктар