28-апрелде күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28
Таласта түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19
Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19
Бишкекте түнкүсүн 11...13°, күндүз 24...26° жылуу болот.

