12:23
USD 87.43
EUR 102.30
RUB 1.16

BITF 2026: Бишкекте туризм жана меймандостук көргөзмөсү ачылууда

Бүгүн Бишкектеги «Жаштык Арена» аянтчасында туризм жана меймандостук чөйрөсүндөгү биринчи эл аралык адистештирилген көргөзмө — Bishkek International Tourism Fair (BITF 2026) ачылууда. Бул тууралуу КР Туризмди өнүктүрүү агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бул Кыргызстандын жана Борбор Азиянын туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн жаңы аянтча болуп саналат. Ал туристтик индустриянын, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана эл аралык бизнестин өкүлдөрүн бириктирет.

Көргөзмө аянтчасы 140ка жакын жергиликтүү жана эл аралык компанияларды чогултат. Экспозициянын алкагында өлкөнүн жети облусунун, анын ичинде уникалдуу табигый маршруттардын, маданий мурастардын жана тармакты өнүктүрүү үчүн келечектүү багыттардын туристтик потенциалы көрсөтүлөт.

Экспозициядан Индия, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстандын улуттук стенддери өзгөчө орун алат. Катышуучулар өздөрүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, инвестициялык потенциалын жана маданий көп түрдүүлүгүн көрсөтүшөт.

Белгилей кетсек, көргөзмө Кыргызстанды жагымдуу туристтик багыт катары илгерилетүүгө, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана туризм жана меймандостук чөйрөсүндө жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар