10:37
USD 87.43
EUR 102.30
RUB 1.16

Бүгүн Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

Бүгүн, 30-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жай имараттарында, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Өчүрүлө турган аймактар:

Шабдан Баатыр проспектиси — Хивинская көчөсү (Лермонтов көчөсүнөн Ч. Валиханов көчөсүнө чейин) — Достоевский көчөсү.

Суу «Тепличный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар