10:55
USD 87.43
EUR 102.30
RUB 1.16

Сокулукта психотроптук заттарды сактоого шектүү кармалды

Сокулук районунда милиция кызматкерлери тарабынан психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы
Фото Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы. Психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоого шектүү

Маалыматка ылайык, 14-февралда Ак-Жол айылындагы стационардык МАИ постунда психотроптук заттар табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, маалымат тастыкталган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттын жалпы салмагы 2,697 грамм болгон MDMB-4en-PINACA синтетикалык каннабиноиди экени аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Сатпоо максатында эмес баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү аныкталып, ал 2004-жылы туулган И.Д. экендиги маалым болду. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар