17:04
USD 85.61
EUR 93.38
RUB 1.04

Кыргызстандын жаңы гимни: Маданият министрлиги жеңүүчүлөргө сыйлыктар берет

Кыргызстандын гимнинин жаңы текстин жана музыкасын жаратуу боюнча сынактын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, мыкты долбоору үчүн байгелүү орундардын төмөнкү түрлөрү каралган:

биринчи орун — 1,5 миллион сом жана жеңүүчүнүн диплому;

экинчи орун — 1 миллион сом жана лауреат диплому;

үчүнчү орун — 500 миң сом жана лауреат диплому.

Ошондой эле төртүнчү жана бешинчи орундарга 250 миң сомдон атайын байгелер каралган.

Арыздар 2025-жылдын 20-мартына чейин Маданият министрлигинде (Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 78), ошондой эле gimn.2025@minculture.gov.kg электрондук дареги боюнча кабыл алынат.

Эске салсак, Маданият министрлиги гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына республикалык сынак жарыялаган. Аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Тимурлан Ажымалиевдин айтымында, сынактын максаты — элдин тарыхый мурасын, маданиятын, биримдигин чагылдырган чыгарма жаратуу. Ага композиторлор, акындар, музыканттар жана чыгармачыл топтор чакырылган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу гимнди өзгөртүү зарылдыгын айтып чыккан. Ал «мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек» деген пикирин билдирген. Бул демилгени президент Садыр Жапаров да колдогон.

Эң көп окулган жаңылыктар