Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Испаниянын Барселона шаарына барып, Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын «Барселона» футбол клубунун жаштар курамына каршы беттешке болгон даярдыгын текшерип, колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдиги соцтармактарда билдирди.
Бүгүн, 27-январда Кыргызстандын жаштар курама командасы(U-20) Барселонанын бүтүрүүчүлөрү менен беттешет. Бул 2025-жылдын 6-февралынан 23-февралына чейин Кытайда өтө турган Азия кубогуна даярдыктын маанилүү этабы болот. Учурда Кыргызстандын жаштар курамасы чет өлкөдө бир айлык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Алар испаниялык Арихуэль, Картахена жана UCAM Мурсия клубдарын утуп, бирок AFEге утулуп калган