Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетин бекитүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Документке ылайык, фонддун кирешеси 120,5 миллиард сомду, чыгашасы 120,4 миллиард сомду түзөт.
Социалдык фонддун бюджетинин профицити 66,6 млн сомду түзөрү күтүлүүдө. Республикалык бюджеттен пенсиялык каражаттарды төлөөгө 43,7 миллиард сом бөлүнөт.
Мында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун (ММКФ) быйылкы жылга каржылоо 5,4 млрд сомду, ал эми Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна 670,7 млн.
2024-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда пенсиянын минималдуу өлчөмү 6,9 миң сомду түзөт.