08:39
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Армения өкмөтү Евробиримдикке кошулуусу боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Армениянын өкмөтү өлкөнүн Евробиримдикке кошулуу процессин демилгелеген мыйзам долбоорун жактырды. Мындай чечим министрлер кабинетинин 9-январдагы жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу Интерфакс жазып чыкты.

Документке ылайык, Армения расмий түрдө Евробиримдикке мүчөлүк процесси башталганын жарыялайт.

Премьер-министр Никол Пашинян бул маселе боюнча акыркы чечим жалпы элдик референдумда гана кабыл алынаарын баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар