06:15
USD 87.44
EUR 89.38
RUB 0.85

Садыр Жапаров аба ырайына байланыштуу Ысык-Көлгө иш сапарын жылдырды

Бүгүн, 10-декабрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барышы керек болчу. Бирок аба ырайына байланыштуу каттам кийинкиге жылдырылды.

Өлкө башчынын администрациясынан 24.kg басылмасына билдиришкендей, учак Караколдо жааган кардан жана тумандан улам учкан жок.

Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров капиталдык реконструкциядан өткөн Каракол эл аралык аэропортун ачышы керек болчу. Мамлекет башчысы эртең, 11-декабрда Ысык-Көлгө барат.

Эң көп окулган жаңылыктар