13:35
USD 86.80
EUR 91.85
RUB 0.85

Камчыбек Ташиевди коркутуу. Каттын автору кармалды

Атайын кызмат Камчыбек Ташиевди коркутуп-үркүткөн каттын авторун таап, кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Эске сала кетсек, 20-ноябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, ага жана анын үй-бүлөсүнө коркутуулар жазылган кат келгенин билдирген.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Адамды же анын жакындарын ушул адам тарабынан кызматтык аракеттерди жасоосуна байланыштуу өлтүрүүгө даярдануу» беренеси боюнча иш козголгонун УКМК билдирди. Көзөмөл камераларынын жардамы менен ыкчам топ кылмышка шектүүнүн өздүгүн тактоого жетишкен. Ал Ж.А.С аттуу жаран болуп чыкты, ал мурда эки жолу соттолгон, аскердик учкуч билими бар, кийинчерээк Афганистандын чек арасында чектелген аскердик контингенттин курамында кызмат өтөп, согуштук тажрыйбага жана кутумчулук чеберчилигине ээ болгон. 1994-жылдан бери Ж.А.С. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн.

Алсак, Ж.А.С. коркутуу максатында генерал-полковник К.К.Ташиевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине киши өлтүрүү коркунучу бар электрондук форматтагы анонимдүү катты даярдап, андан соң ал катты флеш-картага жазып конвертке салып жиберген. Белгилей кетсек, Ж.А.С. өздүк маалыматтарын жашыруун сактоо максатында, белгилүү жашаган жери жок Б.М.М. аттуу адамды ишке тарткан. Ал азык-түлүк түрүндөгү сый акы үчүн, жашыруун катты камтыган конвертти УКМКнын Коомдук кабылдамасына жеткирген. Ж.А.С. кармалып, ага жогорудагы кылмыш боюнча айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленди", — деп жазылат билдирүүдө.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш ишинин алкагында кат басылган компьютер, конвертти жабуу үчүн колдонулган пломбалоочу мөөрдүн үлгүлөрү алынып, керектүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды жана аны жасоонун себептерин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Шектүү Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу кызыкчылыгын көздөгөн чет мамлекеттердин жана деструктивдүү күчтөрдүн чалгындоо кызматтарына тиешеси бар экендиги аныкталды, анын чоо-жайын тергөө кызыкчылыгы үчүн ачыктоо мүмкүн эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар